Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта өлкө боюнча башталган Кыргызстандын элин жана турак жай фондун каттоого катышты.
Жапаров сурамжылоого жооп берип, мобилдик тиркеменин жардамы менен өзү жана үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды бергени кабарланды.
25-мартта Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.
Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкер (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды.
Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.