Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштер боюнча айтып чыккан Бекжан Жалиловдун тарапташтары бүгүн, 25-мартта райондук прокуратуранын имаратынын алдында нааразычылык акциясына чогулушту. Бул тууралуу «Маралга» акциянын катышуучусу, Достук айылдык кеңешинин депутаты Зулайка Турдиева билдирди.
Турдиеванын айтымында, айыл өкмөтүнө тийиштүү делген 56 мамлекеттик кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн менчиктелип кеткени боюнча айтып чыккандардын камалышына жергиликтүү тургундар нааразы.
«Биз мына азыр Раззаков шаарына 50-60 чакты айыл тургуну келдик. Биздин айыл өкмөттөгү коррупциялык иштерди ачык айтып, учурда «жергиликтүү олигархтарды» сотко берип, мамлекеттин мүлкүн кайтарып алууга аракет кылган жаштарды камап коюшту. Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө айтылгандай, бул коррупциялык иштер көп жылдан бери уланып, тамырлашып кеткен. Мунун аягы барып, облустук прокурорго чейин такалат. Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана Алишер Абдуллаев элдин мүлкүн элге кайтарабыз дегени үчүн болбогон шылтоо менен айып тагышууда. Ушул жаш жигиттер айыл өкмөт башчы болгондон бери айына 3-4 жолудан текшерүү келип, аларга кысым уланууда. Биз башкы прокурор Курманкул Зулушевге да кайрылып, муну адилет карап берүүсүн суранабыз».
Кечээ, 24-мартта Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев, аталган айыл өкмөттүн баш катчысы Алишер Абдуллаев жана Бешкент айыл аймагынын башчысы (5 ай мурун Жаны-Жер айыл өкмөтүн жетектеп турган) Бекжан Жалилов Лейлек райондук прокуратурасына суракка чакырылган. Көп өтпөй алардын камакка алынганы белгилүү болгон. Бирок камакка алынуусунун себеби тууралуу азырынча расмий органдар эч кандай комментарий бере элек.
Жакында эле эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Арка, Достук айылдарында менчиктелип кеткен мамлекеттик имараттар жана жер тикелери тууралуу сюжеттер сериясын чыгарган.