Бишкектин Киркомстром аймагында 28-марттан 1-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мурманск жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1973-жылы ишке берилген газ өткөргүч өткөн жылдын ноябрь айында тешилген. Ал учурда күзгү-кышкы жылытуу мезгилин эске алуу менен тиешелүү жумуштар убактылуу гана жасалган. Толук кандуу иш күн жылыган убакка калтырылган.
Буга байланыштуу Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе көчөлөрүндө жана Баетов көчөсү, 1 дарегиндеги «Продимпекс» ЖЧКсында газ жок болот.