Connect with us

Быйыл «Бир ишкер – бир көчөт» долбоорунун алкагында өзгөчө көчөттөр отургузулат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2022 | 309 | 0

Дүйнө жүзүндө экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүү тенденциясы күч алууда. Буга байланыштуу ишкерлер 2018-жылдан бери Кыргызстанда «Бир ишкер – бир көчөт» долбоорунун алкагында жашылдандырууга, экологияга салым кошуп келишет. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Урмат Жаналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бул долбоор ишкерлерге социалдык жоопкерчилик арттыруу максатында жүзөгө ашып келе жатат.

«Ишкерлер «бизнес, бизнес» деп эле жүрбөстөн, социалдык, керектүү долбоорлорду ишке ашырсын деген максатта аталган программаны демилгелеп чыктык. Ошондой эле шаарды жашылдандыруу жана экологиялык маселелерди алдын алуу максатын көздөп жатабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2018-жылы ишкерлер тарабынан Чүй облусундагы социалдык мекемелердин алдына жалпы 10 миң көчөт отургузулган. 2019-жылы 5 миң көчөт тигилген. Андан кийин пандемия учурунда мүмкүнчүлүк болбой, быйылтан баштап долбоорду ишке ашыруу аракеттери уланууда.

Быйыл 9-апрелде «Бир ишкер – бир көчөт» долбоорунун алкагында 5 миң көчөт отургузуу пландалууда. Бул көчөттөр мурдагылардан көп жашаганы жана абаны тазалап турганы менен өзгөчөлөнөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM