Connect with us

«АКШ Кытайды өз тарабына тартууга аракет кылууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2022 | 1943 | 0

Жаңы түзүлүштүн калыптанышы абдан курч болуп, бүткүл дүйнө талкуулап жатат. Бул тууралуу индолог, дипломат Евгений Каблуков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, талкуунун негизги бөлүгүн Украинадагы окуялар түзүүдө.

Бул учурда Кытай менен Индия бейтарап позицияны ээлешти. Ал эми АКШ өзгөчө Кытайды өз тарабына тартууга аракет кылууда.

«Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жумада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Жо Байдендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү беш саатка созулду. Ошондо да АКШ Кытайды көндүрө алган жок. Ал эми Индия да БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы окуялар боюнча позициясын билдирген эмес», — деди ал.

Эске салсак, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы окуялар боюнча жалпысынан 35 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да өз позициясын билдирген эмес.

Каблуков кошумчалагандай, азыркы тапта Кытай менен Индиянын позициясын өзгөртүүгө абдан күчтүү аракеттер болуп жатат.

Белгилей кетсек, 19-мартта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Япониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида Нью-Делиде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда Фумио Кисида Модиге Орусиянын Украинага басып кириши эл аралык тартипке доо кетиргенин айтып, буга так жооп берүү, позициясын ачык билдирүү талабын койгон. Бирок Индия бейтарап болорун айтып, комментарийлерден баш тартарын белгилеп келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM