Connect with us

Омошев: Резервдеги каражаттарды ишке салуу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Мар 2022 | 328 | 0

Бүгүнкү күндө ишкерлердин абалы өтө оор. Буга пандемиядан кийин турукташпай калган жагдай жана учурдагы Орусия-Украина жаңжалы себеп болууда. Мындай пикирин ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан «чоң оюнчулардын» астында курч аракеттерден алыс болушу керектигин билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда колубузда болгон мүмкүнчүлүктү колдонуу керек. Тагыраагы, алтын жана валюталык резерв фондунун каражаттарын пайдалануу зарыл.

«Бул резерв пандемияда колдонулган эмес. Бизнес ошол убакта болуп көрбөгөндөй жабыркаган. Ал жерде 2 миллиарддан ашык каражат бар. Азыр колдонбосок, анда качан колдонобуз? Азыр бийлик өкүлдөрү «жардам беребиз, жумуш орундарын сактап калалы» дешсе, ишкерлерден салыктарды албай турушу керек, өзгөчө кызмат секторунда жана коомдук тамактануу жайларда жаңы киргизилген 8%дык салыкты албай турса жакшы болот. Тез, ыкчам чараларды көрүү керек», — деди Омошев.

Мындан сырткары ал өлкөдөгү бардык ишкердикке бирдей көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө чакырды. Антпесе жабылып жана банкрот болуп калган фирмаларды бутка тургузуу өтө оор болорун эскертти.

Ошондой эле Омошев мындан ары азыркы абал дагы да курчуй турганын божомолдоду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM