Connect with us

«Бийлик өкүлдөрү депутаттарга болгон мамилесин өзгөртүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2022 | 332 | 0

«Депутаттардын ыйгарым укуктары кыскартылды, таасири азайды» деген сөздөр терең анализ жүргүзүлбөгөнү үчүн айтылып жатат. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек «Маралдын» эфиринде билдирди.

Башмыйзам боюнча элдин атынан сүйлөй турган президент жана Жогорку Кеңеш экенин эске алганда, парламент кандай болбосун бийлик бутактарына таасир этүүчү курал.

«Башында өкмөт мүчөлөрү «кылым кыйшайбайт» деп айтышса, азыр айла жок депутаттар менен эсептешүүгө туура келип жатат. Элдин үнүн депутаттар трибунан алдында ачык жарыялап жатышат, ошондуктан бул жерде кандайдыр бир «чектөөлөр пайда болду, ыйгарым укутары кыскарды, азайды» деген сөздөр туура эмес болуп калат. Депутаттардын ыйгарым укуктары кенен эле», — деди Бейшенбек.

Муну менен бирге Бейшенбек Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын ишин сынга алып, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын өзгөтүүгө түрткү бербей, салым кошпой жатканын кошумчалады. Буга байланыштуу бийлик бутагындагы адамдар депуттарга болгон мамилесин өзгөртүшү кажет экенин билдирди.

«Президенттен баштап, өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары депутаттарга болгон мамилесин өзгөртүшү керек. Кабмин, президент мамилени өзгөртүп, эл менен иштешүүгө шарт түзсө, анда бир баланс пайда болот. Депутаттар элдин маселесин анализдеп, чечип берүүгө реалдуу чара көрүшү керек», — деди жарандык активист.

Copyright © 2017 Maral FM