Беларусь президенти Лукашенко Украинадагы болуп жаткан кырдаалга карата билдирүү жасады.
«Эртең мененки саат бештерде «Украинанын Орусия менен Беларустун аймагындагы мамлекеттик чек арасына Беларусь колдогон орус аскерлери кол салышты» деген маалыматты окудум. Биздин аскерлер бул операцияга эч качан аралашпайт», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Александр Лукашенко Украинадагы жаңжалды эки тарап сүйлөшүү жолу менен токтотуп койсо болорун айткан.
Ал эми Литва Украинада болуп жаткан окуяларга байланыштуу өз өлкөсүнө «өзгөчө кырдаал» жарыялады.