Баткен облусунда баңгизат саткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Ош-Исфана» жолунун боюна салынган Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы «Максатбек» дүкөнүнүн жанынан ушул райондун 47 жаштагы тургуну баңгизат сатып жаткан учурда кармалган. Анын жанынан 2 кг 846,9 гр салмактагы 3 таңгак ооган гашиши алынган. Ошол эле күнү 46 жаштагы шериги да колго түшкөн.
Шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.