Connect with us

Кыргызстанда алгачкы жолу IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт | 21 Фев 2022 | 496 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти билдирди. Турнир өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 млн сомго жакын каражат бөлүндү. Мелдешке жалпысынан 5 мамлекеттин курама командалары катышат. Чемпионатта чехиялык жана орусиялык судьялар калыстык кылат. 

Хоккей боюнча Дүйнө биринчилиги 3-мартта Бишкекте башталып, ага Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия жана Кувейттин курама командалары катышат. Чемпионатка Дүйнөлүк хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф өзү келет.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев азыркы учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

«Учурда жогорку деңгээлде даярдык жүрүүдө. Алдыдагы мелдешке конок катары Дүйнөлүк хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф жана хоккей тармагындагы легенда болгон Владислав Третьяк, мекендешибиз жана Хоккей федерациясынын вице-президенти Анвар Оморканов, ошондой эле Германия менен Беларустун хоккей федерациясынын президенттеринин келиши күтүлүүдө. Кыргызстандын курамасы Дүйнө чемпионатында биринчи орунга илинип, 3-дивизионго чыгат деген үмүттөбүз».

Кыргызстандын курама командасын түзүү үчүн чет өлкөлүк хоккей клубдарында ойноп жүргөн кыргызстандык спортчулар атайын чакырылган. Бүгүнкү күндө оюнга 37 спортчу даярданып жатат жана алардын ичинен мелдешке 20 спортчу гана тандалып алынат. Тандалган хоккейчилер оюнда Кыргызстандын намысын коргойт.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Эльзар Болотбеков хоккей командалардын күчтүүлүгүнө жараша 5 дивизионго бөлүнөрүн айтат.

«Биринчи дивизиондо Орусия, АКШ, Канада сыяктуу топ командалар ойнойт. 2019-жылы 4-дивизиондогу Дүйнө чемпионатын Кыргызстанда өткөрүү боюнча билдирүү жибергенбиз. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 2020-жылы бизде өткөрмөй болдук, бирок пандемиядан улам мелдеш кийинки жылга жылдырылды. БАЭде болгон мелдештеги мүчүлүштүктөн улам Дүйнөлүк хоккей федерациясы биз үчүн 4-дивизионун ачкан. Башында оюнга катышуучу үчүн 7 мамлекеттен кайрылуу келип түшкөн. Филиппин менен Монголия мамлекеттеринин оюнчулары пандемияга байланыштуу катыша албай калышты. Биздин чакырууларды кабыл алып келген спортчуларыбыз учурда машыгып жатышат. Ал эми оюн өтө турган муз аренасын толук эл аралык талаптарга жооп бере тургандай кылып, куруп бүттүк».

Бишкекте өтө турган 4-дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында жаңы хоккей аянтынын курулушуна капсула салынат. Федерациянын вице-президенти Болотбеков жер маселеси чечилсе, курулушка даяр экенин белгиледи.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Нурланбек Исмаилов чемпионатты өткөрүүгө бөлүнгөн 2 млн сом эмнеге жумшаларын айтты.

«Кыргызстандагы хоккей боюнча Дүйнө чемпионатына 1 млн 924 миң сом бөлүндү. Каражат транспортко, баннерге, даярдык иштерине жумшалат. Мелдештин ачылыш аземин да өткөрөбүз. Ага өзгөчө даярдыктар жүрүп жатат. Уюштуруучуларга, ыктыярчыларга да каражат бөлүнөт. Келген конокторду тосуп алуу да — биздин мойнубузда. Мындан сырткары дүйнөлүк Хоккей федерациясы тарабынан да каржылоолор болуп жатат. Алсак, чет элдик спортчулардын учуп келиши, жатаканасы жана тамак-ашына колдоо көрсөтүүдө».

Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Эльзар Болотбеков бул мелдештерде чехиялык жана орусиялык судьялар калыстык кыларын айтты.

«Дүйнө чемпионатында калыстар тобунун директоратынын башчылыгында Чехия өлкөсү болууда. Аталган өлкөдөгү калыстардын орду Эл аралык хоккей федерациясында да чоң. Ошондой эле калыстардын басымдуу бөлүгү Орусиядан келет. Мындан сырткары өзүбүздүн калысыбыздын да катышары күтүлүүдө. Ынтымак Абдыкалыков учурда Ташкенттеги семинарда жүрөт. Ал экинчи калыс катары катышат».

Кыргызстанда жалпысынан үч жабык хоккей аянты бар. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Нарында. Бирок алардын бирөөсү гана стандартка жооп берет. Спортчулардын айтымында, учурда Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдө гана хоккей спорту өнүгүүдө.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти жарандарды Кыргызстандын курама командасын колдоп, 3-мартта шаардык муз аянтына келүүгө чакырат.

Чемпионаттын ачылыш салтанаты 3-мартта Бишкектеги шаардык муз аянтында өтөт. Мелдеш 9-мартка чейин созулат. Билет баасы: 200 сом.

Copyright © 2017 Maral FM