Connect with us

Акчасын төлөп, үйгө ээ боло албагандардын жалгыз үмүтү президентте

Коом | 18 Фев 2022 | 799 | 0

18-февралда «Архстрой групп» курулуш компаниясынан үйлөрүн ала албай жаткан жарандар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар компаниянын «Асанбай-2» кичи районуна салынып жаткан үйү үчүн акча которушкан. Компания үйдү 2013-жылдын декабрь айында бүтүрүүгө убада берген, бирок курулуш ушул кезге дейре аягына чыга элек.  

Ал эми компания коюлган дооматтарды четке кагып, курулуш материалдары кымбаттап кетип, иш үзгүлтүккө учураганын, батирлер ээлерине күздөн баштап берилерин айтышты. 

Жыпара Токушева өзү, эжеси, келини — үчөө 4 батирдин акчасын компанияга 100% төлөгөн. Бирок үйлөрдүн ачкычын колуна ала элек.

Бул компанияга 50%-100% акчасын берип коюп, үйүн алалбай жүргөн 100дөн ашуун кардар бар.

Митингчилердин айтымында, компаниянын ээси Курманбек Мамбетов кардарлардан чогулган 2 млн долларга жакын акчаны өзүнө мүлк алууга жумшап, өз кызыкчылыгына пайдаланган.

«Өкмөт Курманбек Мамбетовду көзөмөлгө алып, же бизге башка курулуш компаниясын таап береби, жардам берсе деп келдик. Биздин мыйзамдар алсыз экен. Кардарлар 100% акча салып, башка компаниялар келсе, талаада калчудай болуп жатабыз. Мыйзамдар боюнча ошондой экен. Эми «өкмөт ипотека кылып салып береби?» деген үмүттө келдик да. Себеби 9 жылдан бери эч кимге ишенбей калдык. 4 жыл сотто деле жүрдүк, анда деле эч нерсе чечилген жок. Чарчап бүттүк. Баары эле коррупция».

 Жабырлануучулар компания ээси Курманбек Мамбетовдун үстүнөн арызданышкан, иш Октябрь райондук сотунда каралууда. Учурда компаниянын башкы директору үй камагында. Анын өзү менен байланышканыбызда курулуш иштери жүрүп жатканын, иш курулуш материалдары кымбаттаганына байланыштуу үзгүлтүккө учураганын, бирок быйыл күздө бүтөрүн айтты.

«Азыр иштеп жатабыз. Баары кымбат. Кардарлардын көбү төлөй албай жатат. 10 кабаттуу 2 подьезд үйдүн дубалын тургузуп, чатырын  жаап койгонбуз. Азыр ички бөлмөлөрдүн дубалын салып жатабыз. Свет, суу, газ, канализация кирип жатат. Биртке токтоп калсаң эле кээ бир адамдар ушинтип чыгышат. Өткөн жекшемби күнү эле чогулуш кылып, чогуу чечкенбиз. Митинг жардам бербейт, андан көрө «Архстрой группка» жардам берип консорциум түзөлү дегем. Кардарлардын 99%ы ушундай ойдо. Калганы эле иштетпейт. Оппозиция болуп алышкан. Мен көпчүлүк мененмин. Азыр активдердин эсебинен үйдү бүтүрүп жатабыз. Буюрса быйыл күзгө бүтүрөбүз».

Бишкек шаарында курулуп жаткан үйлөрдө мындай маселелер көп кездешет. Мисалы, бир топтон бери курулушу бүтпөй, бүтсө да документин ала албай жүргөндөр арбын.

Биринчи Май районунун акиминин курулуш жаатын тейлеген мурдагы орун басары, саясатчы Мавлян Аскарбеков бул маселе боюнча бир канча сунуш бергенин, бирок саясий туруксуздуктун айынан ишке ашпай калганын билдирди.

«Бул маселени мен мэрияга кабыргасынан койдум эле. «Ушул маселени мамлекеттик кызматтар аралык комиссия түзүп,  атайын мыйзамдарды баштан-аяк карап чыгалы, маселени толук чечип берели», — деп 2 жыл башта сунуш киргизгем. Бирок тилекке каршы, улам мэр, вице-мэрлер алмашып, бул маселе көз жаздымда калып келет. Баарын президент жалгыз чече албайт. Болгону ошол жакта кызматта отургандар жоопкерчиликти өзүнө албай, кээ бири коррупциялык иштерге аралашып алганынан эл кыйналып жатат».   

Буга чейин кардарлар Коопсуздук кеңешине, Финансы полициясына, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышканын, бирок алардан эч кандай натыйжа болбогонун айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM