Connect with us

Министрлер кабинетинин 150 күнү: Жапаровдун алгачкы маалымат жыйыны

Саясат | 15 Фев 2022 | 919 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматына киришкенден берки алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Суроолорго жооп берүү дээрлик 2 саатка созулуп, анда өлкөдөгү негизги маселелер болгон «Кумтөр» кени, кымбатчылык, «Асман» шаары, тышкы карыз жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөр айтылды. Жыйындын урунтуу учурларына алдыда кененирээк токтолобуз. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйынында алгач эле «Кумтөр» кенинин иши жана андан өндүрүлгөн алтын боюнча маалымат берди. Анын айтымында, учурда «Кумтөр» кенин толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат. 

«15-мартка чейин биз алар менен тынч ажырашууну макулдашып бүттүк. Бул боюнча жакынкы аралыкта Садыр Жапаров билдирүү жасайт. «Кумтөргө» тышкы башкаруучу киргенде анын эсебинде 48 миң доллар бар болчу. Буга чейин эле кыргыздар бул мекемени өздөрүнө алат деген ойлору болгон экен. Бирок алтындын баасы уламдан улам жогорулаган сайын кеткиси келбей жүрчү. Мына жылдын аягында жалпы жонунан 326-329 миллион долларга чейин киреше көрдүк. Ошондой эле салыкты эске албаганда бюджетке 220 млн доллар таза киреше түштү».

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын 2021-жылда жасаган иштери боюнча отчётунда айткандай, 2021-жылдын он эки айында «Кумтөрдө» 14 миң 561 кг алтын өндүрүлгөн.

2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 миллион долларды түзгөн, анын 621 миллион доллары убактылуу тышкы башкаруу учуруна таандык.

Мындан сырткары Жапаров Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын ички рынокто гана сатыла турганын белгилеп, ар бир кыргыз үй-бүлөсүнө «алтын туяк» болбосо да, алтын тыйын алып койсо болорун айтты. Тагыраак айтканда, баасы 1000 долларды чапчыган алтын тыйын коллекциясы сатыкка чыкканын маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна курулуусу пландалып жаткан, коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган «Асман» шаарына да токтолду.

Жапаров билдиргендей, учурда шаардын башкы планын түзүү иштери жүрүп, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо булактары изделүүдө. Шаардын курулушун беш жылдын аралыгында бүткөрүү пландалууда.

«Асман шаары — бул кыргыз элинин нөлдөн баштап өзүнүн экологиялык таза шаарын куруу кыялы. Биз кыялды ишке ашырууну пландап жатабыз. Ошондой сунуштардын бири — Караколго IT- шаарча куруу. Биз инвесторго жардам берүүгө аракет кылабыз. Эгерде анын колунан келсе, эмнеге Асман шаарын курууга болбойт? Билесизби, Астананы курат деп эч ким ишенген эмес. Ташкент-Ситини караңыз — шаардын ичиндеги шаар. Алардын колунан келди, биздин да колубуздан келет».

Ал ошондой эле буга чейин «коррупция» беренеси менен иш козголгон ишкер Тимур Файзиевдин «Асман» шаарынын долбооруна жетекчи болгону тууралуу да өз пикирин билдирип, ишкер жаңы шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгуу үчүн өз чөнтөгүнөн миллион доллар инвестиция салганын кошумчалады.

Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларга жакындады. Анын жарымынан көбү Кытайдан алынган. Ошол эле учурда 2023-жылы тышкы карыздын эң чоң көлөмү төлөнөт. Акылбек Жапаров мына ошол карызды кантип төлөй турганын төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Бул боюнча эсептерибиз бар. Мен Экономика жана коммерция министри болуп келгенде коронавирус убагында өнүгүп келе жаткан өткөлөр үч жылдык тайм-аут алган мүмкүнчүлүктү колдондук. Азыр алынган кредиттерди реструктуризация кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Президент Садыр Жапаров да акыркы сапарында Кытайдын төрагасынан суранган экен, «макул» демиш болуп койду. 180 өлкөдөн 93 өлкө азыр Кытайга карыз. Кытайдын «Инэксимбанкы» бир да жолу реструктуризация кыла элек. Ошондуктан биз ага ишенбей, белибизди бекем бууп, экономика менен алек болушубуз керек». 

Президенттин Бээжин сапарынын алкагында негизги маселелердин бири «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» эл аралык темир жол линиясын куруу болгон. Бүгүнкү жыйында Акылбек Жапаров темир жолдун маршрутун атады. Өкмөт башчынын билдирүүсүнө ылайык, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун Нарын-Макмал-Жалал-Абад багыты менен Өзбекстанга алып өтүү сунушталууда. Мындан сырткары Орусия менен бирге Каракече-Кочкор-Балыкчы жолунун курулушун баштоо пландалып жатат.

Өкмөт башчы кыргыз-тажик чек ара маселесин үчүнчү тарапты катыштырбай жөнгө салууну макулдашканын билдирди. Ошондой эле чек ара көйгөйү эки мамлекет бир келишимге келгенде чечиле турганын белгилеп, акыркы бир жумадан бери сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM