Connect with us

Китеп окуу, белек кылуунун дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы орду

Блог | 14 Фев 2022 | 1644 | 0

Бүгүн, 14-февраль — Китепти белекке берүүнүн эл аралык күнү.

Китепкөйлөрдүн күнүнө айланган бул майрам 2012-жылдан тарта белгиленип келет. Демилге АКШдагы мектеп китепканачысы, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү Эмми Бродмур айым тарабынан көтөрүлгөн. Анын уулдарынын бири: «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп белек кыла турган майрам жок?» — деп сураганда, апасы бул идеяны көтөрүп чыгып, коомчулукка сунуштап, дүйнө эли аны колдогон.

Бул күн балдардын китеп менен камсыз болуусун жогорулатууга жана алардын окууга ынтызарлыгын арттырууга багытталган ыктыярдуу демилге. Ыктыярчылар өздөрүнүн иш-чараларын уюштурууга же жөн гана муктаж балага жок дегенде бир китеп берүү менен салым кошо алышат.

Китепти белекке берүүнүн эл аралык күнү Франция, Украина, Түштүк Африка, Япония, Нигерия, АКШ, Улуу Британия, Малайзия сыяктуу 44төн ашык өлкөдө белгиленет.

Ал эми дүйнөдө эң көп китеп окуган кайсы өлкө экенин билесизби? Биз алдыңкы топко кирген өлкөлөрдү изилдеп көрдүк.

  1. Кытай калкы 79%;
  2. Орусия калкы 59%;
  3. Испания калкы 57%;
  4. Италия калкы 56%;
  5. Улуу Британия калкы 56%;
  6. АКШ калкы 54%

Ал эми буга чейинки изилдөөлөрдө Кыргызстан китеп окуу боюнча Африканын, Азиянын арткы өлкөлөрүнө теңелип калганы белгиленген.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев бир маегинде Кыргызстан учурда китеп окуу рейтинги боюнча 112 мамлекеттин ичинен 97-орунда турарын айткан.

Китеп белекке берүү күнү Кыргызстанда жылдан жылга ар кандай иш-чаралар менен салттуу майрамдоого айланып, окурмандардын катары көбөйүп баратат.

Дал ушул Китепти белекке берүүнүн эл аралык күнүнө карата кандай иш-чара уюштурам деп ойлонуп жатсаңыз, анда бул сунуштар сиз үчүн:

1. Китепти бир жерге «унутуп» кетиңиз 

Бейтапканаларга, коомдук жайларга, парктарга, дегеле адам көп болгон жерге  барганыңызда, сүйүктүү китебиңизди башка бирөө таап алышы үчүн «кокустан» таштап кете аласыз. Биринчи бетке китепти алган адам окуп чыгып, кийинки адамга өткөрүп бериши керектигин жазып коюңуз. Ошентип, сиз китеп белек кылуу маданиятын баштап, көптөгөн адамдардын жашоосуна өзгөрүү киргизесиз.

2. Китеп алмашуу программасын уюштуруу

Бул жөн эле китептерди берүү эмес, аларды алмаштыра да аласыз. Ар бир адам бири-биринин китепканасынан пайда алуу үчүн жергиликтүү жамаатыңызда китеп алмашуу программасын баштасаңыз болот. Балдар үчүн бир программа, чоңдор үчүн да бир программа түзө аласыз. Бул — ар бир адамдын окууга болгон сүйүүсүн күчөтүүнүн эң сонун жолу.

3. Жергиликтүү китепканага тартуу

Чынын айтсак, биздин китепканалар аз каржыланат. Сиз жергиликтүү китепканаңызга же китеп алууга мүмкүнчүлүгү жокторго өз жаныңыздан же атайын топ менен биргеликте атайын китеп окуу бурчун уюштурсаңыз болот. Сиз дагы бир кадам алдыга барып, китепканага акчалай жардам берип, аларга чындап керектүү китептерди сатып алууга жардам бере аласыз.

«Окурман китеп сатып алууда эмнелерге көңүл бурушу керек?» деген суроонун тегерегинде, адистерден кеңеш сурадык.

«Китепстан» басма үйүнүн жетекчиси Бактыбек Абдуллаев: 

«Пираттык китептерди сатып алуудан алыс болгула. Ал мыйзамга да, этикага да жатпайт. Мындай китептер арзан 100-150 сомдон көчөлөрдө сатылып жатат».

Китеп чыгаруу боюнча адис Жаныбек Абдытегин: 

«Бир максат коюп, артынан чуркап жүрсөңүз, китепти да ошол ниетиңизге, мүдөөңүзгө жараша тандап окуңуз. Китеп окуурда биринчи авторуна көңүл бурсаңыз болот. Бирок сөзсүз эле атактуу автордун китебин окуунун кажети жок. Сиз бир кезде тоготпогон автор да жаш болчу. Эң биринчиден, автордун миссиясы, жашоого болгон көз карашы сиздикине окшошпу, окшош эмеспи, мына ошол маанилүү. Анткени кайсы бир деңгээлде жашоого болгон көз карашын китепте чагылдырат. Экинчиден, китепти кайсы басмакана чыгарды, анын идеологиясына, кандай түстөгү кагаз менен чыкканына да көңүл буруу керек».

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM