Чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча китеп окуу өмүрдү эки жылга узартат. Китеп окуу эске тутууну жакшыртып, чүнчүп, чөгүп кетүүдөн сактануунун жакшы ыкмасы болуп саналат. Төмөндө китеп тууралуу сиз билбеген кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.
Имам аль-Бухари 600 миң хадис чогулткан, аны 900 миңден ашуун адам айтып берген.
Китепти эркектерге караганда аялдар көбүрөөк сатып алат (68%).
Дүйнөдө сатылган китептердин жарымынан көбүн 45 жаштан ашкан адамдар алышат.
Италиялык Рио Козелли жадатма, кызыксыз китептерди чогултат. Учурда ал жыйнаган китептердин саны 10 миң нускадан ашкан. Бул өлкөнүн кайсы бир акыны анын китеби Козелли топтомуна киргенин билип, өз жанын кыюуну көздөгөн.
Бир романды жазуу үчүн орточо 500 саат керектелет.
Хор менен жарыша китеп окуу марафону өтүп, ал 224 саатка созулган.
Илим китеп ууруну библиоклептоман деп атайт. Дүйнөдөгү эң белгилүү библиоклептоман — Стивен Блумерг. Ал 270 китепканадан 23 миң сейрек кездешкен басылманы уурдап алган. Эгер ал «коллекциясын» сатып алганда, 20 миллион доллардан ашуун акча сарптамак.
Дүйнөдөгү эң чоң сөздүк — «Немис сөздүгү» (Deutsches Wörterbuch). Ал 1830-жылы бир тууган Жейкоб жана Вильгельм Гриммдер тарабынан башталып, 1960-жылы Гёте университетинин окутуучулары менен Берлин илимдер академиясынын мүчөлөрү ишти аягына чыгарган. 33 томдук бул китепке 600 миң сөз кирип, баары 34 миң 519 бет болгон.
Дүйнөдө эң салмактуу китеп — Италияда жасалган «Куран» китеби. Анын узуну 2 метр, туурасы 1,5 метр, калыңдыгы 25 сантиметр болуп, салмагы 800 килограммды түзөт. 632 барактуу китептин мукабасына малахит, жарым асыл таштар, алтын, күмүш чөгөрүлгөн.
Салмагы боюнча андан кийинки орунда Прагадагы Карлов университетинин китепканасындагы «Чоң кодекс» (Codex Gigas) турат. Бул китепти «Шайтандын инжили» деп да коюшат. XII кылымга таандык китеп 624 пергамент барагынан туруп, ар бир барактын калыңдыгы 92-50 сантиметрди түзөт. 75 килограмм салмактагы китептин мукабасын жасоо үчүн эле 16 эшектин териси колдонулган.
Google компаниясынын эсептөөлөрү боюнча, дүйнө жүзүндө жарыяланган көркөм сүрөт, журналистика жана илимий чыгармалардын саны 130 миллиондон ашат.
Дүйнөдөгү эң белгилүү каарман — француз императору Наполеон Бонопарт. Ал туурасында ар кандай жанрдагы 10 миңден ашуун чыгарма жазылган.
Байыркы убакта китеп абдан кымбат болгон. XVIII кылымга чейин айрым китепканаларда, уурулуктун алдын алуу үчүн китептер чынжырланып, кулптанган учурлар болгон.
Китепти жай окуп жатканда 60%ы эсиңде калса, тез окуп жатканда 80%ы эсиңде калат.
Ыкчам окуганга караганда жай окуганда көз бат чарчайт.
Адамдардын 95%ы өтө жай окушат, тактап айтканда, бир адам мүнөтүнө орто эсеп менен 180-220 сөз окуйт.
Көпчүлүк окурман китептин 18-бетинен тарта ага болгон кызыгууну жоготуп жиберишет.
Дүйнөнүн көп тилине которулган жазуучу — Антуан де Сент-Экзюпери. Анын бир эле «Кичинекей ханзада» чыгармасы 250 тилге которулган.
Эң көп тилге которулган китеп — Инжил (Библия). ЮНЕСКОнун 2016-жылдагы эсептөөсү боюнча ал 3223 тилде жарык көргөн.
Окурманы көп жазуучу — Агата Кристи. Анын чыгармалары дүйнөнүн 108 тилине которулуп, 4 миллиарддан ашуун нускада басылып чыккан.
Эң көп чыгарма жазган автор – испан драматургу Лопе де Вега, ал 50 жылга чукул чыгармачылык жолунда 1 800 пьесанын автору болгон.
Эң узун өмүр баян Улуу Британиянын 1940-1955-жылдардагы премьер-министри Уинстон Черчиллдики. Анын тарых-таржымалы 22 том болгон.
Томас Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп, ар бир бетиндеги текстти эстеп калуу жөндөмүнө ээ болгон.
Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуган.
1 пикир