Акыркы суткага карата 1 миң 976 адам коронавируска каршы эмдөөнү кайталап алышты. Муну менен бустердик доза алгандардын жалпы 83 миң 276 адамга жетти. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.
Кайталап эмдөө алгандардын аймактык статистикасы төмөнкүдөй болду:
- Жалал-Абад облусунда — 474 адам;
- Ош облусунда — 392 адам;
- Ысык-Көл облусунда — 268 адам;
- Баткен облусунда — 184 адам;
- Бишкек шаарында — 175 адам;
- Чүй облусунда — 158 адам;
- Ош шаарында — 138 адам;
- Нарын облусунда — 116 адам;
- Талас облусунда — 71 адам.
Ал эми акыркы суткага карата вакцинанын биринчи дозасын 5 миң 484, экинчи дозасын 752 адам алган.
Өлкөдө эмдөө жараяны башталгандан бери 1 млн 365 миң 711 адам биринчи доза менен, 1 млн 112 миң 645 адам экинчи доза менен эмделди.