Биз менен байланышыңыз

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшере баштады

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 534 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүнү баштады.

«Мурдагы жана азыркы депутаттардын жасалма диплом пайдаланганы, билим берүү чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик актылардын одоно бузулушуна байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары тарабынан билим берүү процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун, анын ичинде жогорку окуу жайлардын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн бар экенин көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз, жасалма жол менен даярдоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Жарандар мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун  толтуруп бериши керек.

Буга байланыштуу УКМК жасалма документтерди колдонгондор тууралуу ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кабарлоону сунуштайт. Андай кылган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM