Бүгүн, 25-январда түшкү убакытта Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жана бир топ аймакта электр жарыгы өчтү
Ошол эле учурда интернеттин иштешинде да көйгөй пайда болду.
Бишкектин тургундары жол чырактары да бузулуп, иштебей жатканын айтышууда.
Энергетика министрлиги авария болгонун билдирди, бирок кайсы жерде экени айтыла элек.
«Түндүк электр» ААК менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын басма сөз кызматтары жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин тактап жатышат.