«Бирөөлөр бизге табылбай калды, бирөөлөр бизди табалбай калат». Эсилден эрте кеткен залкар талант Элмирбек Иманалиевдин ушул саптары кулагыма жаңырган сайын жанымды коёрго жер таппай кетем. Аттиң, десеңчи! Адамзаттын тагдырындагы оор учур – кечээ эле жаныңда жүргөн адамды сыйпалап таппай калуу экен. Андан да оору – жакшылардын, мыктылардын катардан эрте суурулуп кеткени экен. «Атаңдын көрү ай, ушул адам дагы бир аз жашай түшкөндө эмне!» деген өзөк өрттөп, каңырыкты түтөткөн өкүт каректе жаш болуп сызылат.
Өкүттү айтып, өзөлөнүп жатканымдын да өзүнчө себеби бар. Бүгүн акырет сапарга эрте кеткен айтылуу аалым Чубак ажы Жалиловдун туулган күнү. Куттуктоо ордуна минтип эскерүү жазып отурганыбыз кабыргабызды кайыштырат, аттиң! Антсе да, артында албан түркүн жарыгы калган асыл инсандын арбагына бата багыштап, учкай эскерип коюуну туура таптык.
Бейиши болгур аалым Чубак ажы Жалиловду эскергенде, кара тумандай каптаган коронавирусту, канчаларды катары менен акыретке аттанткан каргашалуу «кара жылды» кошо эстөөгө аргасызбыз. Ооба, ошол жыл биз үчүн көөдөндөн көк түтүн бураткан өтө оор учур болду. Эчен жакшылар биринен сала бири ээк какты. Аларды да түбөлүк сапарына кадимки каадасы менен узата албай, жаназаны кой, жан айласын табалбай карбаластап турдук. Ажал кылыч ар бирибизди аңдып турган эле ошол жылы. Андан аман чыкканыбызга шүгүр айтып отурган чагыбыз, Кудай акы.
Ошондой каргашалуу күндөрдүн биринде узаган жакшылардын, мыктылардын катарында маркум аалым, устат Чубак ажы Жалилов да бар эле. Бүгүн тирүү жүргөндө болгону 47 гана жашка толмок экен. Эр ортонуна жетпей кете бергенине өзөгүбүз өрттөнөт. Анткен менен «Жакшынын өмүрү келте болот, артында жарыгы калат. Жамандын өмүрү узак болот, артында айыңы калат» деп өзүбүздү сооротобуз. «Жараткан чийген жазмыштан озмок жок» деген дагы бир кепти эстеп, боюбузга кайрат жыйнайбыз. «Жанды берген да, алган да – Жараткан; Алла Таала калыс, баарын билүүчү, аалымдын бул дүйнөдөгү миссиясы аяктагандыктан акыретине алып кеткен чыгар» деп өзөк өртүн басабыз.
Баса, миссия демекчи, кийинки муундардын, ал кишини көргөн да, көрбөй да калгандардын эсине салып коюу үчүн өмүр баянынан да учкай кеп козгой кетеличи.
Чубак Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районундагы Баймундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 1996-жылы Кыргызстан Ислам университетин кызыл диплом менен аяктап, үч жыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тилинен сабак берген. 2006-жылы Сауд Аравиядагы Умм ал-Кур университетин кызыл диплом менен бүтүргөн. 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим, 2010-2012-жылдары Кыргызстандын азирети муфтийи, андан кийин бир катар окуу жайларда мугалим болуп иштеген. 2020-жылдын 11-июлунда оорудан каза тапкан. Сөөгү өзү туулган Баймундуз айылына коюлган.
Болгону ушул: ары кетсе, алты сүйлөм, бери кетсе, беш сүйлөм. А бирок ушул алты сүйлөмдүк азганакай өмүрдө канчалаган эмгек калтырып, канча адамдын жүрөгүнө актыктын бакытын сээп кеткенин айрымдар аңдабайт чыгар.
«Чубак ажы ким?» дегендерге мен: «Ала-Тоонун койнундагы ак калпак журттун устаты, агартуучусу, ал тургай руханий лидери», – деп таамай белгилеп кетет элем. Ооба, өзүнүн нускалуу кеби менен, кашкайган чындыкты аскиянын артына катып сүйлөгөн таамай жооптору менен, эчен сабак-баяндары менен бүтүндөй журттун устатына айлана, агартуучулук милдетти айныксыз аткара алды. Тирүүсүндө Чубак ажыдай кадырланган, өлгөндө Чубак ажыдай даңкталган инсандар сейрек. Кудай Таала бул жагынан бу кишини армансыз эле кылды сөздүн ачыгы. Анан калса, азыркы технологиянын өнүккөн заманы да аалымдын үнүн чартарапка өзү каалагандай угузуп турду. Элге-журтка теле, радио, интернет аркылуу да эчендеген сабактарды өтүп, канчаларды туура жолго салды.
Айтмакчы, Чубак ажынын үнүн жеткирүүгө, эл менен эркин баарлашуусуна биз, «Марал» телерадио компаниясы да, көпүрө болуп бердик. Бул – биз үчүн айтып бүткүс сыймык. Акылы журтту байыткан, айтканы кылым карыткан асыл инсандын сабагын угуу үчүн, түйүндүү суроого так-таамай жооп алуу үчүн да эфирибизди тыңдагандар арбын болгонун моюнга алышыбыз керек.
Шакирттеринин айтымында, аалымдын эң көп архиви ушул «Маралда» калыптыр. Ал архив биздин көөнөрбөс, өчпөс мурасыбыз катары ушу кезде да эфирден байма-бай жаңырып келатат.
Айрыкча, жогоруда айткан коронавирус учурунда күн сайын эфирге келип, апаат-балээден сактануубузду кайра-кайра эскертип, кырсыктан сактануу боюнча айтылган пайгамбарыбыздын хадистерин, шарияттагы жол-жоболорун кулагыбызга куюп турду. Укканыбыз да болду, кулак салбай тетири басканыбыз да болду, аттиң! Пенде экенбиз да.
«Жакшынын өлүмү да – ибарат» дейт кыргыз. Дегеним, Чубак ажы каза тапкандан кийин андан мурдараак эле кеп укпай тетири басып, «оору жок» деп жүргөн «таксыр» таанышымдын жүзүнөн беткап, чөнтөгүнөн антисептик түшпөй, үйүнөн чыкпай бекинип калганы – бул накылдын айкын күбөсү. Аалымдын өлүмү да атпай журтту селт эттирип, эртеңкиге коңгуроо болуп кагылды ошентип.
«Оңго да, солго да бирдей таанымал» деген сыпаттама айтылат даанышман кыргыз элинде. Дал ошондой сыпат эсил кеткен Чубак ажыбызга да куп жарашат. Буга аалымдын өткөнүн укканда, ал тургай, тирүүсүндө анча жактыра бербегендер да, өзүн атеист эсептегендер да каңырыкты түтөткөн эскерүүлөрдү жазып чыгышканы далил. Демек, Чубак аалымдын өмүрү бошко кеткен эмес.
Айтылуу дүйнөлүк алп жазуучубуз Чынгыз Айтматов «Канткенде адам уулу адам болот?» деп абыгер чексе, Чубак аалым «Канткенде адамзат бактылуу болот?» деп касырет тартып, бактылуулуктун формуласын издеп жүрүп өттү бул дүйнөдөн.
Кыргыз эл акыны Надырбек ажы Алымбеков: «Кыргыздын баары бейишке кирип кетсе», – деп кыялдана берем», – деп жылмайды эле бир сапаркыда. Дал ушул тариздеги кыял Чубак ажыда да болгон чыгар. Анын окуган дарстары, жазган китептери, күнү-түнү кажынып изденүүлөрү да ушул багытка арналганы, «Атпай журтка эки дүйнөдө бактылуу болуунун ачкычын үйрөтүп кете алсам экен», – деген изги тилек жанын жай таптырбай келери сөзүнүн ар бир тыбышынан, көзүнүн ар бир ирмеминен байкалып турар эле.
Жанында ээрчип жүргөндөр шарият иштерине байланышкан маселелерде Чубак ажынын жообун укмайынча, тынч алалбаган адамдар да болгонун эскеришет. Албетте, бир эмес, эки ирет көзмө-көз собол салып, экөөндө тең ынанымдуу жооп уккандан кийин жаны жай алгандардын катарында мен да бармын.
Дегеним, эфирин калтырбай көргөндөрдүн катарына мен да кирем. Чубак ажы чыккан ар бир эфир, ар бир уктуруу жандуу, шаңдуу, ошол эле учурда олуттуу да өтөр эле анткени. Көрүүчүнү, угарманды жадатпаган кепкор сапаты да бар болчу.
Аалым тууралуу айта берсе сөз бүтпөс, эфир убактысы түтпөс, кагаз бети чак келбес. Албетте, мындай айжаркын инсандарды эскере жүрүү, анын өрнөк-ибараттарын кийинки муундарга да айта жүрүү биз өңдүү көрүп калгандардын, колун кыса учурашып калгандардын, жанаша жүрүп, кеп-кеңешин угуп калгандардын тирүүлүктөгү парзы. Аалым Чубак дүйнөнүн муундан муунга калар мурас дүйнөсү карт тарыхтын бүктөмүндө калбай, улам жаңырып айтылып турууга тийиш. Өзү да ошондой эскерүүгө татыктуу өмүр сүрүп өттү.
Жаткан жери жайлуу, кабыры бейиштин бакчаларынан болсун!