Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун тынчтык миссиясы Казакстанга кандай шарт менен кирет?

Блог , Дүйнө | 6 Янв 2022 | 6753 | 0

Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстандын президентинин кайрылуусунун негизинде Алматы шаарына келмей болду. Орусия, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон бул уюм кандай шартта аскер жиберет? Азырынча төмөнкүлөр белгилүү:

Казак президенти ЖККУдан жардам сурады

Казакстандын президенти Токаев соңку окуяларды террордук акт  катары баалады. Ошондой эле Алматыдагы башаламандык жана талоон уюштургандарды «чет өлкөдө атайын даярдыктан өткөн» деп сыпаттады. Ал Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү туруктуулукту бузууну каалаган үчүнчү күчтөр башаламандык уюштуруп жатканын белгилеп, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринен жардам сурады.

Пашиняндын билдирүүсү

Армениянын өкмөт башчысы жана жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы (ЖККУнун жогорку органы) Николь Пашинян 6-январга караган түнү билдирүү жасап, ЖККУ лидерлери Казакстанга тынчтык миссиясын жиберүү чечимин кабыл алганын жарыялады.

ЖККУнун аскерлери Казакстанга жамааттык коргонуу боюнча 4-беренесинин негизинде, өлкөдөгү абалды турукташтыруу максатында саналуу убакытка гана кирет деп кошумчалаган.

Кайсы өлкөнүн аскерлери Казакстанга жиберилет?

ЖККУнун бирдиктүү штабынын маалыматына таянсак, аскерлердин так курамын, түзүмүн жана санын ЖККУнун лидерлери белгилейт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тынчтык миссиясына ЖККУга мүчө өлкөлөр тарабынан атайын аскерлер, полиция, элдик кошуун жиберилиши мүмкүн.

Ошондой эле контингенттин курамына бирдиктүү башкаруу түзүлүп, аскер күчтөрү, аскерий байкоочулар тобу, полициянын атайын бөлүгү да жиберилиши ыктымал.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн азырынча Армения, Орусия жана Беларусь тынчтык миссиясы менен аскер жиберүүгө даяр экенин жарыялады. Кыргызстан менен Тажикстан бул боюнча расмий маалымат бере элек.

ЖККУ аскерлери тартипти жөнгө салууга катышабы?

ЖККУ аскерлери коомдук тартипти жөнгө салууга катышпайт. Алар аскердик инфратүзүмдөрдү, социалдык (мектеп, оорукана, бала бакча ж.б) жана муниципиалдык (мэрия, министрлик имараттары ж.б) имараттарды талоончулардан коргоп берет. Мындай маалыматты Орусия Мамлекеттик Думасынын КМШ боюнча комитетинин төрагасы Калашников билдирген.

ЖККУ аскерий күчтөрүн Казакстанга жиберүү үчүн мүчө өлкөлөрдүн парламентинин уруксаты керек эмес. Бул боюнча уюмдун уставында жазылып, аскердик күчтөр дайым даяр турушу керектиги белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM