Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 1 миң 155 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинен 411 адам вакцинанын биринчи дозасын, 744 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 186 миң 334 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 973 миң 312 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.