Connect with us

Google компаниясы эмдөө албаган кызматкерлерин иштен бошотот

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 636 | 0

Google компаниясынын кызматкерлери 18-январга чейин COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөсө, ишинен бошотулат. Бул тууралуу CNBC телеканалы билдирди.

Ошол эле учурда компания кызматкерлерине айтылган убакытка чейин чейин эмдөөдөн өткөнүн далилдеген тастыктама көрсөтүүгө убакыт берди. Болбосо эмдөө алууга болбой турганы жөнүндө маалымкат тапшырышы керек.

Аларга 30 күн ичинде эмдөө албаса, алты айлык акы төлөнбөгөн өргүү берилери, ал аралыкта да эмделбесе, ишинен таптакыр айрылары эскертилди.

АКШ президенти Жо Байден 100 же андан көп кызматкери бар компаниялардын жумушчуларын эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүү жана коронавирус боюнча текшертүү боюнча жарлык чыгарган. Бирок ноябрь айында федералдык сот Жо Байдендин жарлыгын убактылуу токтоткон.  Ага карабастан Google компаниясы президенттин көрсөтмөсүн толук аткарарын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM