Эл аралык террордук топтун жалданма адамы, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Шектүүнү тинтүү учурунда жанынан Макаров тапанчасы, 4 бычак, 2 мобилдик аппарат, көлөмдүү диний китептер, банктын 7 картасы, террордук мазмундагы аудио-видео файлдар табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) менен катталган.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.