Connect with us

«Инвестициялык климатты оңдоо үчүн туруктуулук керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2021 | 542 | 0

Инвестициялык климатты оңдоо үчүн биринчиден саясий, экономикалык туруктуулук болушу керек. Мындай пикирин Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саясий туруктуулук — бул мамлекеттик органдардын структурасы, башчысы улам өзгөрө бербей, туруктуу болушу. Экономикалык туруктуулук — ай сайын жаңы мыйзам чыгарбай, мыйзам туруктуулугун сактоо.

«Ушул жылдын ичинде бардык мыйзамдардын инвентаризациясы башталды. Эми инвесторлор кандай мыйзамдар кабыл алынат, татаалдашып кетеби деп күтүп калышты. Анан саясий процесстерди да бүтүрүү керек. Дүйнөлүк практика боюнча, шайлоо учурунда инвестор акча салбайт. Ушунун баары ишке ашса, эл аралык каржы борборун түзүп, аэропортторду жаңыртып, ишти, тилди билген аткаминерлерибизди инвестор тартууга жөнөтүп, башка өлкө башчылары менен туура сүйлөшүп, келишимдерге келип, көп иш жасаса болот», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM