Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт. Бул шайлоону таза өткөрүү азыркы бийликтин алдында турган эң чоң сыноо катары бааланууда. Себеби өткөн жылдын октябрь окуялары дал ушул парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктан келип чыккан. Өнөктүк башталгандан тарта бийлик шайлоону таза жана ачык өткөрүүнү убадалап, мамлекеттик кызматкерлерге катуу эскертүүлөрдү берип келсе, 14-ноябрдагы кайрылуусунда президент добушун саткан жарандар да жазалана турганын эскертти. Шайлоо канчалык таза өтөт? Алдыда кененирээк токтолобуз.
Жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Парламентке 21 партия талапкер көрсөттү. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарынан 300гө жакын талапкер катталды. Парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталган, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат.
ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери 128 мыйзам бузуу фактысы катталды. Анын ичинен 28и кылмыш катары, 27си жорук катары катталган. Мындан тышкары Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал тиркелген. Анын ичинен 43ү номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.
«Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) боюнча 21 факты; 82-беренеси (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча 2 факты; 200-беренеси (уурдоо) боюнча 2 факты; 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча 1 факты; 145-беренеси (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу) боюнча 1 факты; 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча 1 факты тиркелди. Ал эми 27си жорук катары: Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча 1 факты; 87-1-беренеси (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) боюнча 18 факты; 94-беренеси (бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча 6 факты; 90-беренеси (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча 6 факты; 66-беренеси (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) боюнча 1 факты катталган».
Президент Садыр Жапаров 14-ноябрдагы социалдык тармактагы кайрылуусунда, мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотуу убадасын берип, добушун саткандар да, сатып алгандар да жоопко тартыларын эскертти.
«Шайлоодо добушун саткан жарандар да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар, добушуңарды сатпагыла, талапкерлер, сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин».
Мыйзам боюнча Жазык кодексинин 192-беренесине ылайык, шайлоо өткөрүү мезгилинде акча таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу менен шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып пул салуу менен жазаланат. Ошондой эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун V категориядагы айып пул салуу же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Мында жашы жете электер бир жарым жылга, чоңдор эки жарым жылга эркиндигинен ажырайт.
Жарандык активист Атай Бейшенбеков айтып коюу менен эле маселе чечилбейт деп эсептейт. Ал президенттин бир канча жолу кайрылып жатышы, административдик ресурстун колдонулуп жатканынан кабар берерин айтат.
«Мен билгенден президент төртүнчү жолу кайрылып жатат. Демек, бул коңгуроо какканы — кандайдыр бир деңгээлде административдик ресурс колдонуу боюнча бирдемелер болуп жатканы. Президент өзү: «Эй, сатып албагыла, добуш сатып алганыңар да, сатканыңар да жазаланасыңар», — деди. Демек ал боюнча маалымат бар. Ошондуктан бул жерде айтып коюу менен чектелүү маселени чечпейт. Бул жерде ишке ашыра турган ортоңку катмардын алы жетпей жатат. Президенттин ой-пикири жакшы. Мисалы, кайсыл гана саясий субъектини албайлы, «президент азамат , шайлоону таза өткөрүүнү демилгелеп жатат» дешет. Бирок, бардык активисттер, эл, айтор ким гана болбосун, өз салымын кошпосо, таза шайлоо болбойт. Азыркы учурда канча мыйзам бузуу болбосун, Ички иштер министрлиги чечим чыгара албай, БШК чечим чыгарып жатат. Жөнөкөй социалдык тармактын колдонуучулары оперативдик иликтөөлөрдү жүргүзүп коюп жатат. Килейген инструменти бар структуралар ошону созуп жатат. Демек бул деген саботаж деп кабыл алсак да болот. Президенттин сөзүнө саботаж. Президенттин сөзүн жалпы коом колдоп, таза шайлоого багыт алып жатса, каяктагы райондук жетекчилер бюрократия түзүп, саботаж кылып жатышат».
Эске салсак, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгон партиялар 5-октябрда түштөн кийин «Ала-Тоо» аянтында митинг уюштурган. Милиция аларды күч менен таратууга аракет кылган. 6-октябрга караган түнү нааразы болгон эл Ак үйдү басып алган. Андан аз убакыт өтпөй бийлик алмашып, кийин Башмыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга жол алды. Серепчилер бийликтин кадамдары башталышынан эле туура эмес болуп жатканын айтышып, мыйзам боюнча парламенттик шайлоо президенттик шайлоодон мурда өтүшү керектигин белгилеп келишет.