Вики ЗАКРЕВСКИ, Калифорния университетинин профессору
Жөнөкөй болуу абдан кыйын. Бул жерде өзүңүздү колго алышыңыз үчүн үч кеңеш беребиз.
Алдыдагы шайлоо жарышында, дегеле жаштарыбыздын арасында өзүмчүлдүк күчөп баратканын эске алганда, биздин коом сыпайылыкка көбүрөөк таянса жакшы болот беле деп ойлойм. Биздин маданият менменсинүүгө азгырылып, сырткы көрүнүшкө ашыкча маани бергендиктен, жөнөкөй адамдарды эч ким көзгө илбей калгансыйт.
Эмне үчүн жөнөкөй болуу бизге ушунчалык кыйын? Биз аны көбүнчө алсыздыктын белгиси деп туура эмес түшүнүп алгандыктанбы? А чындыгында бул эбегейсиз ички күчтүн көрсөткүчү го?.. Жоопторду илимпоздордун бул сапат туурасында айткандарынан алалычы: бардык рухий касиеттер менен катышын терең аңдаган адам жөнөкөйлүктү бардык жакшылыктардын башаты деп эсептейт экен.
Жөнөкөй болуунун эмнеси жакшы?
Жөнөкөй адам менен сүйлөшкөндө, эч кысынбай, жүрөгүбүз жай кагып, жан дүйнө бейпил тартат. Эмне үчүн? Анткени башкалар мени кандай болсом, дал ошондой кабыл аларын билсем, ал биздин ички чегибизди калкалап туруучу баа жеткис белек болот. Бизге мындай белекти кичипейил адамдар тартуулай алат, себеби алар өздөрүнүн күчтүү жактарын көрсөтүп, кемчиликтерин жашырбай, түп башаты кандай болсо, дал ошондой жүрүп, ачык-айрым болушат. Изилдөөчүлөр айткандай, жөнөкөйлүк адамзаттын боорукерлигин өстүрөт.
Мындай өзүн-өзү кабыл алуу жана баалоо миллиондогон долларлык маяна, кино жылдызынын сымбаты, кызмат даражасы же «Фейсбуктагы» досторунун саны сыяктуу нерселерден эмес, адамдык касиетти барктоодон келип чыгат. Чындыгында жөнөкөй адамдар башкаларга пайдалуу нерселерди белектейт.
Жөнөкөйлүктү өстүрүү үчүн үч кеңеш
Окумуштуулардын жөнөкөйлүктү изилдөөлөрүн эске алсак, бул сапатты алсыз адамдар өөрчүтө албайт экен, ал бир күндө эле пайда боло бербейт экен. Анткени жөнөкөйлүктүн эң маанилүү жактарынын бири ички эркиндик болуп саналат. Башкача айтканда, биздин жүрөгүбүздө бейпилдик жана мээрим түнөк табат.
1. Адамгерчилигиңди кучагыңа ал. Кадыр-баркыбызды көпчүлүк маанилүү деп эсептеген нерселерге: мисалы, жумуштагы же мамиледеги ийгиликке байланыштуу деп ойлогондуктан, эгер ийгиликке жетпесек, анда өзүбүзгө болгон сый-урматыбыз төмөндөйт. Ошондуктан биз күтүлбөгөн жерден «жаман» же «татыксыз» адамга айланып калабыз да, кайрадан сый-урматка ээ болуу үчүн узак жол басууга туура келиши мүмкүн.
Жөнөкөй адамдар үчүн андай эмес. Жогоруда айтылгандай, алардын жолу болбой калган жагдайга же сынга туруштук берүү жөндөмү сырткы каражаттардан эмес, адамдын ички касиетинен келип чыгат. Ошентип, кандайдыр бир тапшырманы аткара албаса же кыялдары орундалбаса, алардын жаман экенин билдирбейт. Бул алардын биз сыяктуу эле кадимки адам экенин туюнтат.
Окумуштуулардын айтымында, бул ички баалуулук жакын адамдарыбыз менен түзүлгөн коопсуз катышуудан же дени сак эмоционалдык байланыштан келип чыгат. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз балачактан керексиз нерселерге кабатырланбай өскөн эмеспиз. Бир изилдөө көрсөткөндөй, чоң кишилердин 40 пайызы бири-бири менен тыгыз байланышта болбойт экен. Бирок биз өнөктөштөр же достор менен оңдуу мамиледе болуу аркылуу жан дүйнөбүздү айыктыра алабыз.
Окумуштуулар жашоону мектеп дешет. Алар эч бир адам идеалдуу болбосо да, ар ким өзүн-өзү баалоосуна терс таасирин тийгизбегидей жаңы идеяларга, кеңештерге жана сындарга ачык болуу менен кемчиликтерден арылса болорун билишет. Бул жөндөмдүн өзү эле кыраакылыкты өстүрөт. Ушул жагынан эң таасын мисал деп, Махатма Гандинин турмуштук тажрыйбасын айтсак болот. Ал мындай деген: «Мен өзүмдү башка пенделердей эле жаңылышы мүмкүн болгон жөнөкөй инсанмын деп эсептейм. Бирок өз каталарымды мойнума алып, кемчиликтеримди оңдоого эрким жетерин билем». Эгерде Гандинин өрнөгүнөн жөнөкөй лидердин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөк, анда коомдук башкарууга мунун пайдасы абдан чоӊ болору бышык. Изилдөөчүлөр айткандай, «бейпил эгобузду» тапсак же өзүбүздү жөнөкөйлүк менен башкара алсак, анда биз зулумдукка барбай, башкаларды кысымга албай, өзгөртүүгө аракеттенбей, текеберликтен уялып калабыз. Ошондо жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, каталарыбызды оңдойбуз, башкалардын оюн угабыз да, кичипейил мүнөзүбүздү сактайбыз.
Биздин өлкөдө жана дүйнө жүзүндө ушундай мүнөздөгү лидерлер болушун ким каалабасын? Бирок кичипейилдиктин пайдасы биздин жетекчилерге эле керек дебейбиз. Жаңы изилдөөлөр бул жагымдуу сапат жеке өзүбүз үчүн жана биздин мамилелерибиз үчүн пайдалуу экенин көрсөтүп турат. Мисалы, жөнөкөй адамдар кыжаалат абалдан анча кыйналбай чыгып кетишет. Бул алардын демдүү, кайраттуу экенин билдирет. Алар ак пейилден жардамга келишет, көмөктөшкөн кишилерге чын дилден алкыш айтышат – мунун баары башкалар менен жакындашуубузга жол ачат.
2. Эстүүлүккө жана боорукерликке даярдануу. Акыркы жылдары эстүүлүк жана боорукерлик көбүнчө психологиялык туруктуулук жана эмоционалдык жыргалчылык менен байланышта болуп жатат. Аларсыз кичипейилдикти өнүктүрүү мүмкүн эмес. Окумуштуулардын айтымында, кичипейил адамдар өздөрүнүн кемчиликтерин да, жөндөмдөрүн да так билишет, ошондуктан алар эмнени өзгөртүү керектигин тезирээк түшүнүшөт.
Эстүүлүк биздин өз ойлорубузду жана эмоцияларыбызды тескөө аркылуу аң-сезимибизди өстүрөт. Ички жашообузду канчалык жакшы билсек, туура эмес ишенимдер жана иш-аракеттер бизди кандайча чектеп жатканын көрүү ошончолук оңой болот.
Эмнени өзгөртүү керектигин баамдаганда гана жаңыланууга жол ачылат. Мага бир даанышмандын «Караңгыны миӊ ирет сөккөндөн көрө бир чырак күйгүз» деген сөзү жагат. Тактап айтканда, терс ойду же аракетти жөн гана жумшак жана сабырдуулук менен алгылыктуу ойго алмаштырсак, бир топ убакыттан кийин канчалык өскөнүбүздү көргөндө өзүбүзгө өзүбүз таӊ калышыбыз мүмкүн.
3. Ыраазычылык билдирүү. «Ырахмат» деген сөздү жашообузга жарык чачкан жакшылык деп билишибиз керек. Бул башка адамдарды кадырлоо дегенди билдирет. Бир сөз менен айтканда, ыраазычылык сезими бизди өзүбүзгө эмес, айланабыздагы адамдарга көбүрөөк көңүл бургузат — бул кичипейил адамдардын өзгөчөлүгү. Чынында эле акыркы изилдөөлөр ыраазычылык менен кичипейилдик бири-бирин бекемдей турган түшүнүктөр экенин көрсөттү. Ыраазычылык билдирүү кичипейилдикке түрткү берет, ал эми кичипейил адамдар жакшылыкты билип, алкыш айтууга дайым даяр турат.
Балким, кичипейилдиктин өзүбүздөгү жана башкалардагы эң жакшы сапаттарды өөрчүтүүгө жана бул дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жол ачканы менен баалуудур.
Бул жол — карапайым адамдар эле эмес, биздин көч башчыларыбыз да баркына жетиши керек болгон улуу жол. Бүгүнкү кепти кичипейилдиктин маңызын эӊ жакшы билген Нельсон Манделанын сөздөрү менен жыйынтыктайлы: «Албетте, адам эң оболу өзүнө чынчыл болушу керек. Өзүңдү өзгөртпөсөң, коомго эч качан таасир эте албайсың. Улуу тынчтык орнотуучулардын баары ак ниет, чынчыл болуп, кичи пейилдик менен бийик максатына жетишкен».
12-январь 2016-жыл
Которгон: Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору