Бишкекте соода борборлордун биринде аялын сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
25-октябрда интернет сайттардын бирине видео тарап, анда борбордогу Таш-Рабат соода борборунда эркек киши аялын сабап салганы маалым болгон.
Жерине милиция барганда алар окуя болгон жерден кетип калышкан.
Андан соң күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу келин милицияга кайрылган. Анын алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык эскпертиза дайындалды.
Жолдошу 1994-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.