Бүгүн, 25-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус 79 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 41, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 107 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.
Бир күн ичинде коронавирустан 2 адам каза болгон.
Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 508 адам, ал эми амбулатордук түрдө 853 бейтап дарыланууда.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 178 миң 202 учур катталды. Анын ичинен 172 миң 764 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 599 бейтап каза болду.