Connect with us

COVID-19: Оору 142 адамдан табылып, 4 киши каза болду

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 773 | 0

Бүгүн, 2-сентябрга карата 142 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 59, Чүй облусунда — 28,  Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 10 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 102 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 954 адам, ал эми амбулатордук түрдө 910 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 176 миң 18 учур катталды. Анын ичинен 170 миң 169 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 536 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM