Биз менен байланышыңыз

Дагы үч партия парламенттик шайлоого катышарын билдирди

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 268 | 0

Бүгүн, 31-августта «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман эл» жана «Альянс» партияларынан 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Эскертке кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү парламенттик тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», «Ишеним» жана «Улуттар биримдиги» саясий партиясынан парламенттик шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM