Connect with us

Жапаров: Жаңы Конституция демократиялык багытты улантууга шарт түзөт

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 301 | 0

Жаңы кабыл алынган Конституция демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтындагы Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

«Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Баса белгилеп айта кетейин, жаңы Конституция — улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш-аламандыкка чек коюу  сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, жаңы Конституция боюнча жалпы элдик шайлоо быйыл 11-апрелде болуп өткөн. Анда шайлоого катышкандардын көбү президенттик башкарууга негизделген Баш мыйзамды колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM