Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 30-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17 … +22, күндүз +28… +33;
Талас облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +26 … +31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21, күндүз +30 … +35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +19 … +24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25°C градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +30 … +32 градус ысык болот.