Биз менен байланышыңыз

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада 5 күн «Манас» айтат

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 1234 | 0

31-августта Орусиянын Москва шаарында  манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык беш сутка манас айтат. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазган.

Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн «Манас» айтары тууралуу жазган.

Сыдыков бүгүн эртең менен Москвага учуп кетти.

Белгилүү болгондой, иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтөт.

Эске салсак, Сыдыков былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай «Манас» айткан.

Copyright © 2017 Maral FM