Connect with us

Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды

Кыска кабар | 29 Авг 2021 | 878 | 0

Бишкекте «Ынтымак-2» жаңы паркы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, шаардын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын воллейбол боюнча курама командасы келип, аларды сыйлоо аземи да болгон.

Аталган сейил бак Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аны жасалгалоодо улуттук баалуулуктарга басым жасалганы айтылды.

Өзгөчөлүгү, ал жерде майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдик аянтча жайгаштырылган.

«Сейил бактын чок ортосунда боз үй сымал 800 орундуу амфитеатр жайгашкан. Чыгыш бөлүгүндө улуттук ордо оюну үчүн атайын аянтча бөлүнгөн. Мындан сырткары, сейил бакта комуздун инсталляциясы менен фонтан да орнотулган»,— деп жазылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM