Кыргызстандын аймагында тыюу салынган оң рулдуу унааларды алып кирүүгө аракет жасаган Казакстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Үч адам кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка — унаа жол» өткөрүү бекетинен Кыргызстандын номери тагылган оң рулдуу Toyota Estima унааларын мыйзамсыз жол менен өлкөгө алып кирип келатканда кармалышкан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси менен катталды. Кылмыш үстүндө кармалган 1 Кыргызстандын, 2 Казакстандын жараны камакка алынды.
Учурда факты боюнча иликтөө-тергөө, бул ишке катышы бар башка да шериктерин аныктоо, ошондой эле мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз берген Мамлекеттик каттоо кызматынын адамдарын табуу иштери жүрүп жатат.