Марал Радиосу

УКМК: Унааларды мыйзамсыз алып келаткан Казакстандын жарандары кармалды

Кыргызстандын аймагында тыюу салынган оң рулдуу унааларды алып кирүүгө аракет жасаган Казакстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Үч адам кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка — унаа жол» өткөрүү бекетинен Кыргызстандын номери тагылган оң рулдуу Toyota Estima унааларын мыйзамсыз жол менен өлкөгө алып кирип келатканда кармалышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси менен катталды. Кылмыш үстүндө кармалган 1 Кыргызстандын, 2 Казакстандын жараны камакка алынды.

Учурда факты боюнча иликтөө-тергөө, бул ишке катышы бар башка да шериктерин аныктоо, ошондой эле мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз берген Мамлекеттик каттоо кызматынын адамдарын табуу иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version