Connect with us

Бишкекте салыктарды калкты тейлөө борборлорунда да төлөөгө болот

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 625 | 0

Шаардыктар үчүн салыктарды эми калкты тейлөө борборлорунда төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жана аймактык салык кызматтарынын, банктардын жана почта бөлүмдөрүнүн түйшүгүн жеңилдетүү үчүн жасалган.

Белгиленгендей, жарандар төмөнкү калкты тейлөө борборлорунда салык төлөй алышат:

— №1 Борбордук тейлөө борбору: 12 -кичи район, Нуркамал көчөсү, 29 («ДК» соода борборунун имараты);

— №2: Чокан Валиханов көчөсү, 2;

— №3: Жаш Гвардия проспектиси, 4;

— №4: Жибек Жолу проспекти 381;

-№3/2 Борбордук тейлөө борбору: (Ленин районундагы кеңсеси) Садырбаев көчөсү, 107.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарынын салыгы 1 — сентябрга чейин, ал эми 2 -сентябрга чейин — жер салыгы жана батирлер менен үйлөрдүн салыгы төлөнүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM