Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташуу маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.
Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.
Ошондой эле Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.