Connect with us

Тажикстан ЕАЭБге кирүүгө шашылбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 1258 | 0

Тажикстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүүгө шашылбайт. ЕАЭБге мүчө болуу же болбоо тууралуу чечимди уюмга кирүүнүн оң жана терс жактарын талдап чыккандан кийин гана чыгарат.

Орусия Тажикстанды уюмга кошууга кызыкдар болгону менен Душанбе бул маселеде ашыкпай, талдоо жүргүзүү керек деп эсептейт.

«ЕАЭБ  — жаш бирикме. Ар бир мамлекет тигил же бул уюмга мүчө болуудан мурун анын оң жана терс жактарын талдап чыгат. Учурда биз коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, талдоо жүргүзүп жатабыз. ЕАЭБге кирүү тууралуу чечим кабыл алына элек», — дейт Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода.

Анын айтымында, учурда Тажикстандын ЕАЭБге кириши тууралуу алдын ала макулдашуу жок. Өкмөт уюмга кирүү тууралуу кандай жана качан чечим чыгарары белгисиз.

Министрлик алгач уюмга мүчө мамлекеттердин рыногун изилдеп, Тажикстанда өндүрүлгөн продукция канчалык атаандаштык кыла алары, ЕАЭБ талаптарына жооп бере алар-албасын карап чыгуу керек деп эсептейт. Ошондой эле уюмга кирүү үчүн мыйзамдарды, техникалык регламенттерди, тарифтерди анын талаптарына ылайык келтирүү керек экенин белгилейт.

Эксперттер Тажикстан уюмга кирсе, эмгек мигранттарына бир топ жеңилдиктер берилерин айтышат. Ошол эле учурда алдыңкы өлкөлөрдөн заманбап техниканы алууда маселе жараларын, ЕАЭБге кирүү менен Тажикстан үчүн башка жоготуулар да болорун белгилешет.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения мүчөлүк кылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM