Депутат Дастан Бекешев күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого өз алдынча талапкер болуп катышат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Урматтуу достор, парламенттик шайлоого өз алдымча катышууну чечтим. Мен чындыкты айтып, жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргоодон коркпойм. Мага сиздердин жардамыңыздар керек. Сиздер ыктыярчы болуп, же каржы жагынан жардам бере аласыздар», — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Дастан Бекешев 2010-жылы «Ар-Намыс» жана 2015-жылы «КСДП» партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, депутат болгон.