Connect with us

Министрлер кабинетинде «Инсандын өнүгүүсү» концепциясы талкууланды

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 326 | 0

«Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу» концепциясын ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун алгачкы кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө концепциянын негизги принциптери, милдеттери талкууланып, ишке ашыруу механизмдери, каржылоо булактары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова документтин маанилүүлүгүн жана улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык рухий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди. Жалпы мекемелердин иш программаларынын негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги концепцияны ишке ашыруу боюнча жыйынтык план даярдай турган болду.

Белгилей кетсек, «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу» концепциясы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилип, аны ишке ашыруу планын даярдоо үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM