Токиодогу Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков (87) 1/8 финалда атаандашына жеңилип калды.
Биринчи кармашында ал венгриялык Виктор Лёринц менен күрөшүп, ага 6:1 эсебинде жеңилди.
Эми венгриялык балбан финалга өтө турган болсо, Азисбеков үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат. Белгилей кетсек, көңүл жубатуучу беттеште уткан балбанга коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.