Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) көңүл жубатуучу беттеште атаандашын жеңип, Олимпиаданын колосу үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Жуманазарова 3-августта көңүл жубатуучу беттеште азербайжандык Элис Манолова менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде утуп алды.
Эми кыргызстандык балбан кыз коло үчүн беттеште монголиялык спортчу Батцэцэг Соронзонболдын менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова алгачкы кармаштарга 2-августта чыккан. 1/8 финалда ал болгариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, 2:3 эсебинде утулган болчу. Аны жеңген балбан кыз финалга чыккандыктан кыргызстандык спортчу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.