Connect with us

Аскар Акаевдин Кыргызстанга келе жатканы айтылууда

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 960 | 0

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөгө келери айтылууда. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү басылмалар жеке булактарына таянып жазды.

Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта келет.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан бери ал мекенине келе элек болчу.

Быйыл 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр» долбоору боюнча мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган.

1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экс-президент Аскар Акаевге, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Б.Бирштейнге коррупция фактысы боюнча сыртынан кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн.

«Кумтөр» иши: Мурдагы президенттер Акаев жана Бакиев жазаланды

Copyright © 2017 Maral FM