Connect with us

Кудайбергенов: Пара алууга шектелген вице-мэр ишин мыкты аткарган кадр

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 1675 | 0

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган вице-мэр Азамат Сагындык уулу тууралуу комментарий берди.

Ал мэриянын системасында ишин так билген кадр экенин жана камалганы тууралуу маалымат каражаттарынан гана окуганын айтты.

 «Азамат Сагындык уулунун пара алганы тууралуу менде маалыматтар жок. Аны тергөө аныктайт. Менин оюмча, иши оң жакка чечилет. Себеби аны өз жумушун жакшы аткарган адам катары билем», — деди Кудайбергенов.

26-июлда Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан пара алууга шектелип кармалган. Маалыматка караганда, ал мурда пара алып, кайра анын бир бөлүгү — 6 миң долларды кайтарып жатканда колго түшүрүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Сагындык уулу мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын кызматкерлеринин ишине байланыштуу камалган. Кызматкерлер Сагындык уулу менен бирге Бишкектеги кафелердин биринин ээсинен Түгөлбай-Ата көчөсүн реконструкциялоо долбооруна анын кафеси ордунда калат деген өзгөртүү киргизүү үчүн 9 миң доллар пара алган.

Кармалган жарандар Азамат Сагындык уулу аталган ишке тиешеси бар деген көрсөтмө беришкен.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM