Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда көмүскө иштеп жаткан кумаркана аныкталды

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 874 | 0

Жалал-Абад шаарында көмүскө иштеп жаткан кумаркана аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган кумаркана компьютердик оюн клубу катары ачылып, иштеп келген. Ага күн сайын 50гө жакын киши келип турган.

Бүгүн, 15-июлда УКМК кызматерлери тарабынан бул кумаркананын «К.Т.К.» аттуу администратору, ошондой эле кумарканада жүргөнүнүн себебин тактоо үчүн 5 киши кармалган.

Аталган кумаркананы «К.Ж.» жана «О.Н.» аттуу кыргыз жарандары уюштурганы аныкталган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM