Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги соода борборлорунда эмдөөдөн өтүңүз. Даректери

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 578 | 0

Бишкек шаарынын тургундары «Sinopharm» вакцинасын кайсы даректерден ала алышат?

Ленин районунда:

— Ош базарынын аймагындагы «Берекет универсал» соода борбору;

— «Азия Молл» соода борборунда;

Октябрь району боюнча:

— «Таш-Рабат» соода борбору (М. Горький көчөсү №1 г);

— «Космопарк» соода борбору ( Юнусалиев көчөсү №40а (7 мкр.)

Биринчи май району боюнча:

— «Вефа» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү №98);

— «Бишкекпарк» соода борбору (Киев көчөсү №148).

Свердлов району боюнча:

— «Детский мир» соода борбору (пр. Чүй №147/4); —

— «Чынар» базары (Аламүдүн-1 кичирайону, №63/1).

Вакцина алууну каалаган жарандар жанына паспортун алып алышы керек.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза вакцина келген. COVAX программасы боюнча Кыргызстанга август айынын ортосунда дагы вакцина келери күтүлүүдө.

Коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган, өлкө боюнча 130 миңге чукул киши вакцина алып бүттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM