Биз менен байланышыңыз

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы дайындалды

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 232 | 0

Нурипа Муканова Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Быйыл 8-июлда президенттин Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Анын негизги максаты, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү болуп эсептелет.

Ошондой эле, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты, ишкердик субъектилеринин ишин коргоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Нурипа Муканова буга чейин Өкмөттүн алдындагы коррупцияга каршы кеңештин башкы катчысы болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM