Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавируска каршы массалык эмдөө өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 462 | 0

Бишкекте коронавируска каршы массалык эмдөө өтүп жатат. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 11-июлда шаардагы Курманжан датканын эстелигинин жанында Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө болду. Вакцинаны паспорт менен келген бардык каалоочулар алышты.

Акцияга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Адегенде дарыгер консультация берип, каттоо, кан басымын жана температурасын өлчөп, андан кийин эмдөө жүргүзүлдү.

Эмдөөнү Бишкек шаарынын төрт районунун көчмө мобилдик бригадасынын тажрыйбалуу дарыгерлери өткөрүштү. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлери дагы тартылып, шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтык буклеттерди таратышты.

11-июлда Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келип түшкөн, анын 240 миң дозасы борборго бөлүнгөн.

Кыргызстанда 847 убактылуу эмдөө пункту ачылды. Калктын 70% же 2 млн 187 миң 417 жаран вакцина алышы керек.

Өлкө боюнча 599 мамлекеттик медициналык мекеменде, 10 жеке медициналык мекеменде, 100 жеке билим берүү мекемесинде, 12 соода борборлорунда, 12 маданий жана спорт мекемелеринде, 30 базарда эмдөө пунктары ачылган.

Ал эми Бишкек жана Ошто вакцина саюу күнү-түнү иштейт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1,2 млн дозасы келген. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM