Биз менен байланышыңыз

Үч шаарда саат 18:00гө карата 155 миңден ашык шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 477 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 18:00гө карата 155 миң 707 киши же шайлоочулардын 22,22%ы добуш берди.

Саат 18:00гө карата Бишкекте 85 миң 411 (20,02%), Ош шаарында 56 миң 610 (37,07%) жана Токмокто 13 миң 533 (35,92%) шайлоочу добуш берген.

Аталган үч шаарда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинде Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто – 38 миң 100 киши.

Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM