Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Саат 10:00гө карата Ош шаарында дээрлик 14 миң шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 325 | 0

Саат 10:00гө карата Ош шаардык кеңешиндеги кайра шайлоодо 13 миң 859 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, шаарда 78 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 152 миң 718 киши киргизилген.

«Саат 10:00гө карата 13 мин 859 шайлоочу добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 9,7%ын түзөт», — деди ал.

Андан тышкары, кечээ, 10-июлда шайлоо тилкесинин тышкары 1 миң 31 киши добуш берген.

Ош шаардык кеңештин кайра шайлоосуна 8 партия катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM